Коом

Жолго чыкпай туруңуз! Бишкек — Ош унаа жолу жабылды

Селдин кесепетинен Бишкек – Ош унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-июнда аталган унаа жолдун 374-375-чакырымында катуу жамгырдан улам сел жүрүп, 6 аймактан таштар кулап, жолду эки тараптуу жаап калган.

ӨКМ мындан улам жарандарды 23-24-июнь күндөрү сапарга чыкпай турууну эскертет.

Учурда жерине 10 куткаруучу, 5 оор инженердик техника тартылып, тазалоо иштери башталды.

Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button