Кыргызстанда биринчи жолу жүрөккө уникалдуу операция жасалды

Кыргызстанда Борбор Азияда биринчи жолу уникалдуу жогорку технологиялык операция ийгиликтүү жасалды — көкүрөктү ачпай эле жүрөктүн митралдык клапанын алмаштыруу. Бул TMVR деп аталган процедура BATMAN инновациялык ыкмасы менен аткарылды.
Дарыгерлердин айтымында, операция аз инвазивдүү ыкма менен жүргүзүлгөн: жүрөккө жетүү буттагы кан тамыр аркылуу (трансфеморалдык ыкма) ишке ашырылып, ачык хирургиялык кийлигишүү болгон жок.
Сексен жаштагы бейтап оор абалда болгон. Анын медициналык таржымалында тогуз операция бар, анын ичинде бул жүрөккө жасалган төртүнчү операция болду.
2018-жылы бейтапка аортокоронардык шунт коюлган, ошол эле жылы эки камералуу кардиостимулятор орнотулган. 2022-жылы Москвада аорталык клапанды транскатетердик ыкма менен алмаштыруу жүргүзүлгөн.
Өтө жогорку операциялык тобокелдикти эске алуу менен, салттуу ачык операцияны жасоо мүмкүн эмес болгон.
Жеке клиникалардын биринин башкы дарыгери, кардиохирург Асан Назаровдун жетекчилиги астында биринчи жолу митралдык клапанды транскатетердик алмаштыруу (TMVR) ийгиликтүү аткарылды.
«Операцияга катышкан бардык кесиптештериме ыраазычылык билдирем, айрыкча Түркиядан келген кесиптештерибизге, анын ичинде алдыңкы кардиохирург профессор Левент Коркмазга. Операция ийгиликтүү өттү. Келечекте мындай операцияларды өз алдынча аткара алабыз деп ишенем», — деди ал.
Операция болжол менен эки саатка созулду. Эки күндөн кийин бейтаптын абалы кыйла жакшырып, ал журналисттерге маек берди.
«Бул жетишкендик жүрөк-кан тамыр ооруларынын оор түрлөрү менен жабыркаган бейтаптарды дарылоодо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эми Кыргызстандагы жарандар мындай жогорку технологиялык медициналык жардам алуу үчүн чет өлкөгө чыгууга муктаж болбойт», — деп белгилешти клиникадан.
Мындай операциялар чет өлкөлөрдө 40 миңден 200 миң долларга чейин турат. Кыргызстанда жүргүзүлүшү бейтаптардын каржылык жүгүн азайтып, жогорку технологиялык медициналык жардамды жеткиликтүүрөөк кылат. Мындан тышкары, буга чейин мындай операциялар Борбор Азия өлкөлөрүндө жасалган эмес.



