Коом
«Империя пицца» кафесинин бардык филиалдары убактылуу жабылды

«Империя пицца» кафесинин бардик филиалдары жабылды. Бул тууралуу санитардык-эпидемиялогиялык борбордон кабарлашты.
«Массалык уулануунун себеби такталмайынча эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө бардык «Империя пицца» кафесинин Бишкек боюнча 17 филиалы убактылуу жабылды», — деп билдиришти.
Эскерте кетсек, Бишкекте 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү 12 адам жугушутуу оорулар ооруканасына кайрылган. Жабырлануучулар шаардагы «Империя пицца» тамактануучу жайынан тамактанганын айтышкан.
Бүгүнкү күндө тамакка уулангандардын саны 85ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.



