Коом
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы SMS Taxi`ге 13 миң сом айып салды
Монополияга каршы органга маалыматты өз убагында жана толук бербегендиги үчүн SMS Taxi`ге 13 миң сом айып пул салынды, деп билдирет Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы.
Маалыматка ылайык, такси кызматынын рыногуна талдоо жүргүзүү максатында, КР «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамынын 14, 15-беренелердин негизинде кызмат «Инноа» ЖЧКсынан (SMS Taxi) 2020-2022-жылдарга карата керектүү маалыматтарды сураган.
«Инноа» ЖЧКсы суралган маалыматты өз убагында жана толук көлөмдө берген эмес.



