Коом
Толуп кеттиңиз! Министр Алтынбек Максутов менен депутат Жеңишбек Токторбеков айтыша кетти

Окуя “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жыйынында болду. Депутат маданият тармагындагы кемчиликтерди айтып жатып эле «сизди абдан толуп кетти, байып дагы алды деп айтып жатышат. Сиз иштешеңиз андай болбойт эле» деп бир тийди.
Ал эми министр «ар кимдин организми ар кандай экен. Байлык боюнча сиз мени каралап жатасыз. Жөн эле кооздоп сүйлөй берген болбойт. Факты менен сүйлөш керек», — деп жооп кайтырды.
Ал ортодо фракция лидери Бактыбек Сыдыков сөзгө аралашып, министрдин микрофону өчүп калды. Сыдыков «депутат менен айтышпаңыз, биз жардам берели деп жатабыз. Качан болсо силер үчүн биз чуркайбыз» деп кесиптешине болушту.



