Коом

Дем алышка карата аба ырайы, кар жаайбы?

Апта аягында абанын температурасы адаттагыдан төмөн болушу ыктымал. Кыргызгидромет дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болорун алдын ала алынган маалыматтарга таянып билдирди.

Ага ылайык, жекшембиде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы ыктымал. Бишкекте ишембиде жаан-чачын күтүлбөйт. 30-октябрда күндүн көзү бузулуп, жаан жаап, абанын температурасы ылдыйлап, +9…+11 градусту көрсөтөт.

Чүй, Талас облустары

Чүй жана Талас облустарында 29-30-октябрда күндүз жамгыр жаай турганы айтылды. Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Чүйдө ылдыйлап, +6…+11 градус, Таласта +9…+11 градусту көрсөтөт.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Апта аягы түштүк аймактарда да жаанчыл болушу ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 29-октябрда тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жамгыр жаабайт. 30-октябрда күндүз бардык жерде жамгыр жаай турганы айтылды. Абанын температурасы үч облуста тең +9…+14 градустун тегерегинде болот.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Нарын жана Ысык-Көл облустарында да жамгыр жаашы күтүлүүдө. Тоолуу жерлерине кар жаап, абанын температурасы түнкүсүн 0…+5 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз Ысык-Көлдө +10…+15 градус болсо, Нарында +8…+13 градуска жете турганы айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button