Коом

ИИМдин Күзөт кызматы Бишкектеги окуучуларга кооптуу кырдаалдардагы жүрүм-турум эрежелерин үйрөтүштү

Окуу жылынын башынан бери ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери Бишкектеги 108 мектепте алдын алуу иш-чараларды жүргүзүштү. Иш-чаранын максаты — балдарды кооптуу кырдаалдардагы жүрүм-турум эрежелерине үйрөтүү, ошондой эле мектеп окуучуларын өмүрдү гана эмес, мүлктү да жогорку деңгээлде коргоону камсыз кылган күзөт сигнал берүү тутуму менен тааныштыруу.


Кызматкерлер окуучуларга ата-энелери жокто кооптуу кырдаалдар жаралса, өзүн кандай алып жүрүү керектиги, чоочун адамдар батирге кирүүгө аракет кылышса эмне кылуу керектиги тууралуу айтып, шашылыш жардам үчүн кайда кайрылуу керектигин дагы эскертишти.


Ошондой эле, кызматкерлер мектеп окуучуларына күзөт кызматы эмне менен алектенет, үйүңүздү мыйзамсыз кирүүдөн кантип коргой аласыз, өзүңүздүн коопсуздугуңуз жана үйүңүздү коргоо үчүн кандай сигнал берүү тутуму колдонуларын кыскача түшүндүрүп беришти.
Мектеп окуучулары сигнал берүү баскычы иштеп калган учурда күзөт кызматы кайтарылган объектиге токтоосуз келиши керектигин билишип, буга кийин өздөрү ынанышты. Иш чара учурунда, мектептерде сигнал берүү баскычын басышып, бир аз убакыттан кийин окуучулар «окуя болгон жерге» күзөт кызматынын кызматкерлери жетип келгендерине күбө болушту.


Жолугушуунун соңунда күзөт кызматкерлери балдарды кызыктырган бардык суроолорго жооп берип, жаңы окуу жылында балдардын жакшы окуусун каалашты. Өз кезегинде мектеп окуучулары жана мугалимдери кызыктуу жана тарбиялык сабак үчүн милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти.


Ошондой эле, жол коопсуздугун камсыздоо максатында күн сайын эртең менен окуу башталар алдында орто мектептердин жанында күзөт кызматынын кызматкерлери мектеп окуучуларына жолдон өтүүгө жардам берип, айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырышууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button