Коом

Бишкектин көчөлөрүндөгү жарыктар эми маалы менен өчүрүлөт

Бишкектин көчөлөрүн жарыктандыруу маалы менен өчүп турат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитет катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө кыйла көбөйүп, бул электр тармактарынын жабдыктарына ашыкча жүк түшүп жатканын белгиледи. «Чоң кырсыктарды, электр жабдууларынын иштен чыгышын болтурбоо максатында түнкүсүн көчө жарыгына этап-этабы менен өчүрүүлөр киргизилүүдө», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Бульварлар, парктар, скверлер жана веложолдор жарыксыз калат. Мындан тышкары, алар электр тармагындагы абал турукташканга чейин түн ичинде көрнөк-жарнактардын жарыгын өчүрүшөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button