Коом
Садыр Жапаров элди үй-жай, автоунааларын мамлекеттик мекемеден камсыздандырууга чакырды

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна каттасаңыздар эч жаңылбайсыздар. Анткени мамлекеттик мекеме алдабайт, качып кетпейт”, — деди президент.
Мисалы, унаа үчүн жылдык төлөм 1700 сомдон 5000ге чейин, кырсык болгон учурда 750 миң сомго чейин ала аласыз.
Ошондой эле Жапаров бүгүн мамлекеттик/муниципалдык органдар менен ишканалардын мүлкүн жана жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандырууга милдеттендирген жарлык чыгарганын белгиледи.



