Коом
Казакстанда 38 жаштагы киши 3 баласы менен асынган абалда табылды

Казакстандын Мангистау обулусунда эркек киши 3 баласы менен асынган абалда табылды. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМи билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 11-декбарда болгон. Полиция 4 жарандын жансыз денесин тапкан. Алар 38 жаштагы киши жана анын 8, 4 жаштык жана 10 айлык балдарынын жансыз денесин тапкан. Тергөөдө анын жубайына жиберген аудиосу аныкталган. Анда ал өлөрүн, өзү менен кошо балдарын ала кетери жазылган. Полиция окуя үй-бүлөдөгү чыр-чатактан келип чыкканын билдирди. Түгөйлөр ажырашуу алдында болушкан. Экөөнүн тең иштеген жери болгон. Аталган факты адам өлтүрүү беренеси менен катталды.



