КоомСаясат

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал таңга маал курчуп кетти

Бүгүн таңга маал, болжол менен саат 4.40та, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Көчө-Бою аймагында абал курчуп кетти. Бул тууралуу УКМКнын алдындагы Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматта кырдаалдын начарлашына кыргызстандыктарды жана алардын үйлөрүн ташка алган Тажикстан жарандарынын аракети себеп болгону айтылат.

«Кийинчерээк тажик тарап жолдон өткөн кыргызстандыктардын автоунааларын көздөй ок чыгара баштаган. Алдын ала маалымат боюнча, кыргызстандыктардын арасында жабыр тарткандар бар», — деп айтылат билдирүүдө.
Чек ара кызматы Тажикстандын тийиштүү ведомство жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болбогонун кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button