Коом

Бишкектин мэри район башчыларына саат 6:00дөн 23:00гө чейин иштөө тапшырмасын берди

Айбек Жунушалиев райондун жана муниципалдык инспекциялардын жетекчилерине иш күндөрү  эки жолу, эртең менен саат 6:00дөн 8:30га чейин жана 21:00дөн 23:00гө чейин шаарды кыдырып, текшерүү графигин түзүүнү айткан. Буга ал өзүн да кошкон. 

«Биз кеңселерде отурбашыбыз керек», – деген калаа башчысы.  

 Текшерүүдө жолдордун абалы, автоунаалар туура эмес токтотулган жайлар, жашыл аймактар, имараттардын бет маңдайынан көрүнүшү сыяктуу маселелер приоритетте болушу керектиги айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button