Коом
Акылбек Жапаров Чолпон-Атада көл жээгине жөө адамдар менен велосипедчендер үчүн 15 чакырым жол куруларын билдирди

Минкаб башчысы мындан башка Ысык-Көлдө төмөндөгү курулуштар пландалганын айткан:
▪️Кара-Ой, Бостери айылдарында канализация жана насостук станциялар;
▪️Чолпон-Атада саркынды сууларды тазалоочу курулмалар;
▪️»Чолпон кыз» сейил багын реконструкциялап, заманбап талаптарга жооп берген ачык асман алдындагы петроглиф музейинин инфраструктурасын түзүү;
▪️А. Осмонов жана «Жеңиш» атындагы парктарды куруу.
Акылбек Жапаров жаңыланган Чолпон-Ата шаарынын суу менен камсыздоо тутумун ачылыш аземине катышкан.



