Саламаттыкты сактоо министрлиги коомдук тамактануучу жайларды да текшере баштайт

Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов министрликтин санитардык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары кеңейтилгени жана эл аралык донордук уюмдарга суроо-талаптарды даярдоо иштери тууралуу билдирди.
Анын айтымында, министрликтин ишкердик субъекттерин текшерүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушун президент Садыр Жапаров колдоду. Муну менен Саламаттыкты сактоо министрлиги коомдук тамактануу жайларында пландуу эмес текшерүүлөрдү жүргүзүү укугун алды.
«Жарандардын саламаттыгын коргоо максатында бул ыйгарым укуктарды толук жана өз убагында колдонууну, ошондой эле зарыл болгон иш-чараларды өткөрүүнү талап кылам», — деди министр.
Ал ошондой тармакта акыркы 10 жылдан бери чечилбей келе жаткан бир катар маселелер бар экенин билдирди. Ушуга байланыштуу Жогорку Кеңеш Министрлер кабинети менен СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун ортосундагы алкактык макулдашууну ратификациялоону колдоду.
Министрдин айтымында, Глобалдык фонддун каражаттарынын негизги алуучусу Саламаттыкты сактоо министрлиги болуп саналат. Учурда ал каржылоо үчүн суроо-талап даярдап жатат.
Булак: Акипресс



