Коом

Түркияда көп жылдан бери жашаган кыргыздар депортация коркунучунда экени айтылды

Түркияда көп жылдан бери жашаган кыргыздар мекенине депортация болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүнкү II Элдик курултайда Түркиядагы кыргыз диаспорасы өкүлү Шерипбек Акимов билдирди.

Анын айтымында, Украина-Россия чатагынан кийин Түркияда мигранттардын саны көбөйдү. Андыктан мамлекеттик органдар шарттарды катаалдап, текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

«Түркияда көп жылдан бери жашап, бала-чакасы ошол жакта өсүп жаткан мекендештерибизге дагы мыйзамдуу түрдө калууга уруксат болбой жатат. Ошондуктан каныбыз бир болгондуктан президенттен Режеп Эрдоган менен сүйлөшүп, кыргыздар үчүн бир жолку мунапыс суроону суранабыз», — деди Шерипбек Акимов.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы пенсиялык чегерүүлөр боюнча келишим иштебей жатат.

«Биздин мекендештер Кыргызстанга кайтып келгенден кийин пенсиядан жок калышууда. Алар 60-65 жашта болуп, балдары чоңоюп, өздөрү калып, мамлекеттин дагы камкордугусуз калууда», — деди Акимов.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button