Коом
Клара Сооронкулова үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 12-апрелдеги чечимине ылайык, Клара Сооронкуловага карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлдү. Сооронкулова 2023-жылдын 20-июнуна чейин үй камагына чыгарылды.
Эске сала кетсек, Клара Сооронкулова жана дагы 20дан ашык саясатчы жана активисттер массалык башаламандык уюштурууга даярданган деп шектелүүдө.



