Коом

ТИМ кыргызстанадыктарды убактылуу Израиль жана Ливанга барбай турууну эскертет

Тышкы иштер министрлиги израил-ливан чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу кыргыз жарандарына аталган өлкөлөргө баруудан алыс болууну сунуштайт.

Ошондой эле ведомство Ливан жана Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүсүн белгилейт.

Министрлик аталган өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандары Кыргызстандын Кувейттдеги(+96525359951), Түркиядагы элчиликтеринин (+905456896800) жана КР ТИМдин Консулдук департаментинин (+996 999 312002) ишеним телефондору аркылуу зарыл учурда жардам, же консультация алуу үчүн кайрыла алышарын билдирет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button