АКШда адам өлүмүнө алып келчү кооптуу оорунун очогу аныкталды

Канададан кийин АКШнын 12 штатынан өлүмгө алып келген листериоздун очогу аныкталды. Бул тууралуу РИА Новсти билдирди.
АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө борбору инфекциядан эки адам каза болуп, 28 киши ооруканага жаткырылганын билдирди. Илдетке кабылгандар мындан дагы көп болушу ыктымал дешти. Оорунун эт жана колбасадан жукканы божомолдонууда.
Буга чейин Канадада эки адам каза болуп, дагы тогузу ооруканага жаткырылган.
«Инфекция көбүнчө жашылча жана жаныбардан алынган азыктарда көбөйөт. Бул нерв системасына таасирин тийгизип, менингит, энцефалит жана өлүмгө алып келиши мүмкүн. 60 жаштан ашкандардын, кош бойлуу аялдардын, жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана иммунитети начарлардын өмүрү коркунучта», деп айтылган анда.
Листериоз – бул Listeria monocytogenes бактерияларынын пайда кылган жугуштуу оору. Бул бактериялар топуракта, сууда жана кээ бир азык-түлүктөрдө, мисалы, пастеризацияланбаган сүттө жана анын азыктарында, чийки жашылчаларда, эт азыктарында, балыкта жана деңиз азыктарында кездешет.



