Жылдыз Жолдошова: Эркектин эркиндигин көтөрүү аялга оор

«Эркек үй-бүлө курат, аял аны сактайт», — дейт саясатчы Жылдыз Жолдошова «Апрель» телеканалына берген маегинде.
«Көп адамдар, айрыкча эркек кишилер мен үй-бүлө түздүм, мен аны сактайм деп ойлошот. Андай эмес. Үй-бүлөнү чынында эркектер түзүшөт, а аны сактоо аял кишинин колунда.
Мен ушул жашка чыгып дайыма суроо берчүмүн: үй-бүлөдө ким көбүрөөк сүйүш керек, аялбы же эркекпи? Кимиси сүйсө үй-бүлө сакталат деп. Албетте, жолдошу сүйүш керек. Бирок аял жолдошун чын дилинен сүйсө, эми эркек эркин өскөн инсан да, анын эркиндигин керек болсо Жараткан да чектей албайт, ошондуктан аял сүйсө баарына чыдап, баарын көтөрүп, жакшы үй-бүлө болууга аракет жасап, үй-бүлөнү сактайт экен. Эркектин эркиндигин көтөрүү аялга оор. Апам ыраматылык айтчу эле: «Эркектин нанын жеш үчүн өгөөдөн тиш керек», — деп. Өгөө деп бычак курчуткан буюмду айтат. Ошондуктан үй-бүлөнү аял сактайт, а эркек аялын баалап, барктай билсе, кызгалдактай болуп турган аял кишини көтөрүп алса, ал үй-бүлө сөзсүз бактылуу болот. Аялыңарды дайыма сыйлай билгиле», — деди Жылдыз Жолдошова.



