Коом

Эркин Тентишев Күрөш федерациясынын жетекчиси болду

Буга чейин федерацияны Мелис Турганбаев жетектеп келген. Ал сентябрдын башында ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кеткенин билдирген. 

Тентишев 62 жашта, үч жогорку билимдин ээси. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук айыл чарба институтун, Кыргызстандын Эл аралык университетин жана Дипломатиялык академияны аяктаган.

Көп жылдар бою асыл тукум заводу жетектеген. Э. Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү. 2021-жылы Чүй облусунун башчысы, кийин коомдук башталышта президенттин кеңешчиси болгон.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button