Абдувапов: Кыргызстанда дары-дармекке КНС киргизилди

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов Биринчи радиого берген маегинде Кыргызстанда мындан ары дары-дармекке кошумча нарк салыгы киргизилерин айтты.
«Мурда дары-дармектер КНСтен бошотулган болчу, аларды жарандар үчүн бир топ жеткиликтүү кылуу үчүн ушундай чечим кабыл алган эле. Бирок КНСтин жоктугу көзөмөлдү жана административдик камсыздандырууну азайтты.
Бир тыйын салыкка түшсө дагы административдөө башкача болот», — деди ал.
Ошондой эле Абдувапов Кыргызстанда фарцевтикалык заводдор, цехтер жок болгондуктан салыктын жоктугу дары-дармектерди башка өлкөлөрдөн алып келүүнү оңойлотконун белгиледи.
«Эми дары-дармекке салык киргизилди, аны менен катар эгерде өлкө ичинде фармацевтикалык заводдор курулса, өндүрүшчүлөр салыктан бошотулат.
Көпчүлүк дары-дармектер Россиядан алынып келинчү, ал жактан 20 сомго сатып алып Кыргызстанда 200-300 сомго сатышат, бул салык жок учурда. Салык бааларды турукташтырууга жардам берет. Ошондуктан КНС киригилип, өлкөнүн фармацевтикалык рыногундагы кырдаалды турукташтырууга, көзөмөлдү күчөтүүгө багытталды», — деди Салык кызматынын төрагасы.



