Кайненем мага кара дуба жасатыптыр, жашоонун мааниси кетти…

Балким, муну окугандардын айрымдары «кайдагы жомокту айтпачы» деп мени жаман көрөттүр. Чындыгында, жомокпу же чынбы өзүм да билбейм. Бирок өз башымдан өткөнү үчүн ишенүүгө аргасызмын.
Жолдошум экөөбүз эки жыл кыз-жигит болуп жүрүп, ал жогорку окуу жайын, а мен орто окуу жайын аяктагандан кийин баш коштук. Алты айдан кийин эле экөөбүз такыр эки башка адам экенибизди түшүндүм. Шылтоо табылса болду ичет дагы, ал түнү тынчтык бербейт. Айтуудан да уялам… мени зордуктайт. Ак никелүү жубайын жылуу сөз, жакшы мамиле менен өзүнө тартса болот го, жок, ал зордуктап гана кумарга батаарын кийинчерээк түшүнө баштадым.
Мен андан кетүүнү чечтим. Ата-энеси, эжелери (жолдошум жалгыз уул) баары ажырашаарымды угушту, бирок эч нерсе дешкен жок. Бирок анан эле ажырашам деген оюмдун аягына чыга албай, чогуу жашоомду уланта бердим. Акылымда билип атам, бул адам менен түбөлүгүм жакшы болбосуна көзүм жетип жатат, бирок кете албайм, көрүнбөгөн күч чынжырлап тургандай сезилет. Ушундай ыргак менен жашообуз улана берди: мен анда-санда көзүмдөн парда сыйрылгансып, кетем демейге чечкиндүү өтөм, анан эле кайра белгисиз күч жылдырбай байлайт.
Ошентип, уруш-талаш, бири бирибизге корс, орой мамиле жасоо менен 17 жыл жашап койдук. Бир уулдуу гана болдук. Анткени дайыма кетем деп, кетээриме даярдык көрүп жүргөнүмдөн уулумдан кийин сактандым. Башка адамга турмушка чыксам дагы балалуу болоормун деген үмүтүм өзүм менен кошо карыды.
Жакында капысынан бир көзү ачыкка барып калдым. Буга чейин алар тууралуу укканым менен барууга каалоо болбоптур. Башка улуттагы аял менин турмушумду кошо жашашкансып сүрөттөсө оозум ачылды. Анан дагы «сага кайненең менен бир кайнежең дуба окутуптур, күйөөңдөн кетпей тургандай кылып. Канча аракет кылсаң дагы дарбазадан ары кете албайсың, кайра айланып өзүң келесиң», — десе болобу. Чындыгында ошол да. 17 жылда 3-4 жолу кетип көрдүм. Ашып кетсе бир жума жашайм дагы кайра эле уулумду жетелеп өзүм келип алам. Сүйүү дээрсиздер. Сүйүүнүн бир учкуну да турмушка чыкканымдан 1 айдан кийин эле калбаган. Калган жылдарда жек көрүү, жактырбоо, итиркей келүү сыяктуу сезимдер менен эле коюндашып келатам.
Көзү ачык бирдемелерди айтты, ошолорду жаса деп. Жасаганга да көңүлүм жок чынын айтканда. Жашоодон ушунчалык жадап, бул дүйнөдө ушул жек көрүндү күйөөмдөн кутула албасам, аркы дүйнөгө кетип болсо да кутулсам дегенде эки көзүм төрт. Дубаны жандырбасаң оорукчан болуп каласың дейт. Ансыз деле аялдык органдарымда улам бир көйгөй пайда болуп, эки жылдан бери ооруканадан чыкпай калдым. Азыр катуу депрессияга түштүм. Иштебей да койдум, уйкум эле келе берет. Күнү-түнү уктасам да сергек боло албайм.
Чын эле дуба деген барбы? Ушул, 21-кылымда да кара дуба, көзү ачык дегендерге ишенебизби?