Мен мен эмесмин, мен акча чыгаруучу машинамын — бай эркектин арманы
Ооба, менин акчам көп. Каражат жагынан эч кандай маселем жок. Кабат-кабат үйлөрүм, катар-катар машиналарым бар. «Форбстун» тизмесинен орун албасам да, өзүмдү, үй-бүлөмдү өксүтпөй багууга, бутту кенен сунуп жашоого, жашоонун акчага байланышкан бардык кызыкчыларын татууга мүмкүнчүлүгүм бар. Мен бир убакта бакыттын баары байлыкта деп ойлочумун. Ошентип ойлогондор азыр да бар болушу керек. Бирок байлык адамзаттык бакыттын бир кесимин да бере албайт экен. Мен муну элүүнүн кырынан ооп калган кезде гана түшүнүп отурам.
Аялыма акча гана керек, мени менен сүйлөшүүсү «аны алышым керек, мынча сом турат, муну мындай кылыш керек, ал тигинче сом турат» менен чектелет. Мен анын көзүнө мен эмей эле, «Бенджамин Франклин» же «Касым Тыныстанов» болуп көрүнөм. Ал курбулары менен байлыгын мактануу «эстафетасына» эбак эле кошулуп алган. Болгон көйгөйү — улам жаңы чыккан буюм, кийим, жасалга, машина курбуларынан биринчи анда болушу керек. Балдарым менден эч нерсе керек эместе күнүнө бир жолу «привет, пап», — деп коюшат, ошону менен бүттү. Мен эмне ойлонуп, эмне каалап жатам, абалым кандай — эч кимдин чатагы жок. Мен аларга машина ганамын. Акча чыгаруучу машина.
Үйдөн таппаган жылуулукту башка жактан далай издеп көрдүм. Калп айткан менен болобу, оңго, солго баскан учурлар көп болду. Бирок сырттан таанышкан айымдар дагы бир-эки жолугушуудан кийин бирдеме кылуумду талап кылышат. «Мага бул керек, ал керек», — дешет. Мында да акча. Акча! Акча! Акча! А мен жөнөкөй жылуу мамилени, акчама эмес өзүмө болгон сүйүүнү, чын дилден баарлашууну, жөн гана адамдык аёону, боор толгоону күтөм. Тилекке каршы, эч кимден таппадым.
Балким, Жараткан мага байлык берип, жөнөкөй адамдык бакыттан ажыратып койгондур деп ойлойм кээде түндө терезеден асмандагы жылдыздарды карап. Күнү бизнестин түгөнбөгөн түйшүгүнө алаксыйм, а качан үйгө келгенимде, түнкү жымжырттыкта жападан жалгыз экенимди сезем. Кокус Жараткандын сыноосуна туш келип, байлыгымдан кол жуусам же ооруп калчу болсом же башка кырсыкка кабылсам, жан күйөөрүм болуп, жылуу сөзү менен тиреген бир адам табылаар бекен…
Жолболду