Тагдыр. Бактымды колдон алдырып…

Колдо бар алтындын баркын жоготуп, Бакыт кушумду колдон учурганымды бүгүн түшүндүм.
Мындан үч жыл илгери жолдошум экөөбүз эки башка жолго түштүк. Албетте бул чечимге келүү үчүн көпкө ойлонуп анан бардык. Себеби биздин махабатты кайын эжелердин инисине болгон махабаты жеңип кетти.
Биз студент кезде таанышып, бир жылдан ашык сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Мен үйдүн жалгыз кызы болгон менен атам менен апам чет өлкөгө иштеп кетип сүйүүгө суусап чоңойдум. Асыресе атамдын сүйүүсүнө суугарылбай калдым. Үйдө чоң апам экөөбүз жашайбыз. Мени мектепке алып барып келип, тамагымды жасап карайт. Апам улууга сөз кайтарбайт, кыз деген назик анан ийкемдүү болот деп тарбиялады.
Ошентип окуу жайга тапшырып студент болдум. Группада Нарындан келген жигит бар эле. Алгач дос болдук анан ал мамиле сүйүүгө айланды.
Келин болуп келген алгачкы күнү эле кичүү кайын эжем идиш жууп жатсам карап туруп «идиш жууганда гупка менен жууп, сүлгү менен кургат» , деп айтты. Күлүп баш ийкеп койдум. Залга кирди да «ай апа бул келиниң идиш жууганды билбейт экен анан кантип тамак жасап силерди карайт» , деп какшык аралаш күлүп койду. Улуу кайын эжем жолдошума карап, Жакендин эле кызын ал десе көнбөй койдуң чүйдүм, күйдүм деп», деп айтты да мени акшыя карады.
Ошентип келген сайын кемчиликтерди көзгө сайып көрсөтүп турат. Жолдошум чыда, экөөбүз жашайбыз алар келсе да кайра кетишет дейт. Ал арада уулдуу болдук. Бирок кишини сөз жейт деген чын экен. Какшык сөз уга берип кадимкидей жүдөп калдым. Ойлонбойм десем да ойго түшө берет. Ар бир кайын энеме чалган сайын жүдөө келиниң кандай жүрөт деп сурайт. Акыркы жолу катуу жаңжал чыгып, алардын какшык сөзүнө жооп берип өзүмдү коргойм, тили чыккан экен төрөп деп чуу салышып, жолдошум ортодо аябай кыйналды. Мага жан тартса катын жандуу болгонун кара сени биз чоңойттук атаң эрте каза болуп дешип, акыр соңунда ажыраштырып тынышты.
Жолдошум үч жылдай келип жолугуп, жакшы мамиледе жүрдүк. Бирок батирге чыгалы десем жалгыз апамды кантип калтырам деп болбойт. Аны да түшүнөм мен деле картайганда балам карабай кетсе кандай абалда калам деп эртеңки күндү ойлойм. Бирок жолдошум башкага үйлөнөт деп эч ойлогон эмес элем. Акыркы жолу келгенде эжелериме эрегишип элдешпесең анда башкага баш кошууга аргасыз болом деген. Ал мен башкага үйлөнбөйт го деген ойдо жүргөм. Анан бир аз убакыт өтүп чалды башкага үйлөнүп жатканын, мени жакшы көрөрүн, бирок көк беттикке салып үйгө келбей жатканымды, эжелерине да ачуусу келип ортодо аябай эзилип кыйналып жүргөнүн айтып ыйлады. Ошондо ичим туз куйгандай ачышты. Азыр айрым кыздарга сабак болор, эгер чындап сүйсөңөр сүйүү үчүн күрөшүү керек экен. Эгер кайын эжелер, сиңдилер аралашып жашооңорго кийлигишсе унчукпай койбой дароо ошол замат сылык сыпаа жооп берип жолуна салуу керек экен. Азыр кичүү кайын эжем улам инисинин нике кыйдырган сүрөтүн историске жүктөп, бактылуу болгула деп жазып жатат. Мейли силерге да кудай бар, уулуңар кызыңар жакында турмушка аттанат. Менин көз жашым, убалым силерге да жетет чыгар ….



