Коом

Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен 11-октябрда Ашхабад шаарына түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышуу үчүн иш сапары менен барат.

Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин жана башка өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. Түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына карата өтө турган эл аралык форум өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталат”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button