Спорт

Сезим Жуманазарова АКШнын күрөш лигасы менен келишим түздү

Кыргызстандык балбан кыз Сезим Жуманазарова Американын Orka Wrestling League (OWL) деп аталган профессионалдык күрөш лигасы менен келишим түзүп, анын катарына кошулду. Бул тууралуу аталган уюм өзүнүн социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялады.

OWL (Orka Wrestling League) — бул ар кайсы өлкөлөрдүн мыкты спортчуларын чогулткан эл аралык профессионалдык командалык күрөш лигасы. Мелдешке жалпысынан 8 команда катышат. Алар адегенде ар сезондо беттешип, андан кийин плей-оффко өтүшөт. Жыйынтыгында лиганын чемпиону аныкталат.

«ORKA Sports уюму Сезим Жуманазарованы өз катарында көрүүгө абдан кубанычта. Сезим — жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын байге ээси жана чоңдор арасындагы эл аралык турнирлерде да өзүнүн күчтүүлүгүн көрсөтө алган спортчу. Анын өз ишине берилгендиги, тартиби жана мүнөзү биздин лига үчүн эң сонун толуктоо болот», — деп жазган OWL.

Тектеш кабарлар

Back to top button