Невролог мээ үчүн эң зыяндуу адатты атады

Дарыгер Галина Чудинская мээнин саламаттыгына эң чоң зыян келтирген адат катары узак убакыт тамеки чегүүнү атады.
Анын айтымында, тамеки түтүнү кан тамырларды тарылтып, мээдеги кан айланууну начарлатат жана ткандардын кычкылтек менен камсыз болушун азайтат. Мунун натыйжасында нейрондордун иши начарлап, мээ тез чарчап, жай калыбына келе баштайт.
Адистин белгилешинче, биринчи кезекте көңүл топтоо, ой жүгүртүү ылдамдыгы, эс тутум жана чечим кабыл алуу жөндөмү жабыркайт. Адамдын көңүлү бат бөлүнүп, маалыматты жайыраак иштетип, акыл эмгегине көбүрөөк убакытта көнө баштайт.
Ошондой эле тамеки чеккен жаштарда көңүл буруу, билим алуу жана реакция ылдамдыгы боюнча көйгөйлөр эрте пайда болушу мүмкүн. Ал эми улгайган адамдарда Деменция жана кан тамыр ооруларынын коркунучу жогорулайт.
Дарыгер пассивдүү тамеки чегүү да кооптуу экенин айтып, тамеки түтүнүн узак убакыт дем алуу когнитивдик жөндөмдөрдүн начарлашына жана деменциянын өнүгүү коркунучунун өсүшүнө алып келерин кошумчалады.



