Кыргызстандын мектептеринде бүгүн акыркы коңгуроо кагылат

Кыргызстандын мектептеринде бүгүн, 29-майда акыркы коңгуроо салтанаты өтөт.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, 2025/2026-окуу жылында өлкө боюнча 11-классты 80 миң 829 окуучу, ал эми 9-классты 135 миң 979 окуучу аяктап жатат.
Бийлик өкүлдөрү мугалимдерге жана мектеп администрациясына белек алуу үчүн акча чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөр үчүн мектептен тышкаркы кошумча иш-чараларды уюштурууга тыюу салды.
Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.Өзгөчө көзөмөлгө жаратылыштагы эс алуу жайлары, көлдөр, жээк аймактары, кафе-ресторандар, түнкү клубдар жана бүтүрүүчүлөр менен жаштар көп чогулган башка жайлар алынат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ата-энелерге бүтүрүүчүлөрдү, айрыкча айдоочулук күбөлүгү жок болсо, рулга отургузбоону катуу эскертти.



