Коом

Аз уктоо эмнеге алып келээрин билесизби?

Аз уктоо бир катар коркунучтуу оорулардын пайда болушун шарттайт, дейт врач-кардиолог Наталия Золотарева Life басылмасына берген маегинде.

Айтымында, уйку организмдин физикалык ресурстарын, гормон бөлүнүүлөрүн, булчуңдардын жайылышын калыбына келтирүүгө, жүрөк согушунун жайланышына жана артериалдык кан басымдын ылдыйлашына өбөлгө болот. Андан тышкары адам уктап жаткан мээ күнү бою алган маалыматтарын иштеп чыгат жана узак убакытка эс тутумга орноштурат.

Аз уктаган маалда зат алмашуу жана эндокриндик фунциянын бузулушуна алып келип, ал кан басымды көтөрөт, суук тийүү ооруларын чакырган цитокиндердин деңгээлин жогорулатат. Кардиолог кошумчалагандай, аз уктаган адамда атеросклероз жана жүрөктүн ишемиялык оорусуна кабылуу коркунучу көбөйөт.

Уйкунун сапатын жакшыртуу жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун азайтуу үчүн ал уктаар алдында кофе жана алкоголь ичпөөнү сунуштаган. Ошондой эле тамеки тартканга болбойт жана тамакты уктаардан 2-2,5 саат мурда жеш керек. Андан тышкары 2 саат калганда жаңылыктарды көрбөй, телефон кармабаш керек. Уктоо бөлмөсү салкын болууга тийиш жана күз, кышында бөлмөгө абаны жумшартуучу жабдыктарды орнотуу туура, ошондой эле уйку качып баштаса кардиологго көрүнүү керек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button