Кыялдар ишке ашат: 31-октябрга гороскоп
Кой. Сизге бардык нерсени колуңузга ала турган учур келди. Чечкиндүү аракеттерге жана дисциплинага даяр болуңуз. Бүгүн оюнга өз эрежелериңизди киргизиңиз жана кызыкчылыгыңызды коргоодон коркпоңуз. Позицияңызды бекемдеңиз, анткени өзүңүзгө ишенимдүү болгонуңузда гана ийгилик келет.
Букачар. Тынымсыз эмгегиңиздин жемишин тата турган күн келди. Сиздин аракетиңиз жакын арада жыйынтыгын бере баштайт. Бирок бул процесс чыдамдуулукка муктаж, ошондуктан шашпаңыз, андан көрө келечектеги жемиштерди кантип жакшыртуу жолун ойлонуңуз.
Эгиздер. Жашоо сизге сюприз камдоодо. Капысынан өзгөрүүлөр же жагымдуу кокустуктар болушу мүмкүн. бул күн жашооңуздун жаңы барагынын башталышы да болуп калышы мүмкүн, ошондуктан тагдырдын ар кандай чакырыктарын кабыл алыңыз.
Бөйөн. Бүгүн шектенүү жана күмөн сезимдердин коштоосунда калышыңыз мүмкүн. Шашпаңыз жана шашылыш чечим кабыл албаңыз. Интуицияңызга ишениңиз, ошол эле убакта акылыңызга да таяныңыз.
Арстан. Бүгүн сиздин күнүңүз энергия, оптимизм жана шыктануу менен өтөт. Жаңы баштоолор же эски нерселерди жогорку нота менен бүтүрүү үчүн жакшы убакыт.
Бийкеч. Бүгүн оор кырдаалдан бир топ тынч жашоого өтүүгө умтулуу керек. Кыязы, көңүлүңүздү бөлүп, кабатыр кылып келген көп нерсени кое берүүгө туура келет.
Тараза. Сүйүү менен тандоо кошо жүрөт. Мамилелер бекемделиши да мүмкүн же мамиледеги кайсы бир көйгөйдү чечүү үчүн ачык сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн. Өзүңүзгө жана сезимиңизге таза болсоңуз, чечидериңиз гармонияга алып барат.
Чаян. Чаяндар үчүн бул күн аяктоону жана башталууну билдирет. Сиздин өнүгүүңүз үчүн маанилуу жана татаал болгон кайсы бир маселеге чекит коюлат. Өзгөрүүлөр сизди коркутса да ал үчүн ачык бойдон калыңыз.
Жаачы. Бул күн окуяларга бай күн болот. Жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралат жана окулар тез өнүгөт. Тез аракеттенүүгө жана чечимди дароо кабыл алууга даярданыңыз.
Текечер. Жамааттык иш ийгиликтин кепилдигине айланат. Идеялар менен алмашуу болушу мүмкүн. Кызматташуу жана кесиптештердин колдоосу жаңы чокуларды багындырууга жардам берет.
Суу пери. Кадимки жашооңузду башка нукка бурган окуя болушу мүмкүн. Кризисти жаңы негизде калыпка келүүгө мүмкүнчүлүк катары кабыл алыңыз.
Балык. Эргүү жана үмүт жаралат. Бүгүн айланадагылар көрсөткөн колдоо сизди туура нукка салат. Кыялдануудан коркпоңуз – азыр так ошол кыялдарыңыз ишке ашууга эң сонун шанс бар.