Саясат

Кыргызстанга Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы келди

2—июлда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис расмий сапары менен учуп келди.

Анын сапарынын алкагында 2024-жылдын 3-июлунда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрү пландалып, кыргыз-швейцария кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Ошондой эле Федералдык департаменттин башчысы Иньяцио Кассис президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуусу күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button