Коом
16-майда «Ак-Кула» ипподромунун аукциону өтөт

Муниципалитеттен билдиришкендей, аукционго коюлган мурдагы ат майданы Ш.Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан.
«Турак эмес жайлардын аянты 1818,5 чарчы метр, жер тилкесинин аянты 45,736 гектарды (457 360 чарчы метр) түзөт», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы 8 млрд 731 млн 917 миң сом өлчөмүндө белгиленген.
Аукционго тиркеме аркылуу кирүүгө болот.



