Мэрия жылуулук жана ысык суу үчүн төлөм 5 айга бирдей эмес, абанын температурасына жараша чыгарын эскертти

«Бишкек жылуулук тармагы» эсептөөлөр жылуулук энергиясын эсептөө методикасы боюнча жүргүзүлөрүн, абанын температурасы канчалык төмөн болсо, жылуулук көп керектелгендиктен, сумма жогору чыгарын белгиледи.
«Маселен, декабрда орточо абанын температурасы нормадан төмөн болуп, -2,1 градусту түзсө, ноябрда нормадан жогору болгон (+6,5 градус). Ошол себептен жылуулук көп керектелип, көп сумма чыккан», — дешти мэриядан.
Муниципалитет 2024-жылдын 1-сентябрынан тарта жылуулук үчүн тарифтер жогорулатылганын эске салды. Тариф 25%га, тагыраагы, 1 гигакалория үчүн 1 248 сомдун ордуна 1 560 сом болуп көбөйгөн. Көрсөтүлгөн сумманы батирлеринин аянты 80 чарчы метрден ашпаган абоненттер төлөй турган болгон.
Эгер батир мындан чоң болсо, чектен ашкан ар бир чарчы метр үчүн жылуулуктун гигакалориясы 5998,17 сомдон эсептелет.