Коом
Марлен Маматалиев Бишкекти айланта курулчу айланма жолдун картасын көрсөттү

Депутат долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 110 млн долларга ишке ашырса болот деп эсептейт.
Маматалиев анын алкагында 47 чакырым жол жана 9 көпүрө салуу керектигин айткан. Ал жаңы айланма жолдо жол чырак жок болсо, бир бурчтан экинчи бурчка 25-30 мүнөттө жетсе болорун белгилеген.
Эл өкүлү шаардагы жол тыгынды азайтыш үчүн жол чыракта оң жакка дайыма бурулуп кеткидей белги болушу керектигин сунуштаган.
«Дубайда, Россияда жана башка өнүккөн өлкөлөрдө жол чырак кандай түстө күйбөсүн, айдоочулар дайыма оң жакка тоскоолдуксуз бурулуп кете берет. Мындай мүмкүнчүлүк биздин айдооочуларга да керек«, — деген Маматалиев.



