Коом

УКМК: Айыл аймагынын кызматкери пара берип жаткан жеринен кармалды

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын жер адиси К.А.А. кармалды. 

Тактап айтканда, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын жер маселелери боюнча адиси, жер мыйзамдарын бузуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 

Аталган факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, тергөөгө чейинки маселени оң жагына чечип берүү жана жардам көрсөтүү максатында К.А.А. аттуу жаран  КР УКМК кызматкерине 5 миң АКШ доллары, 691 миң сом жана 5 миң россиялык рубль өлчөмүндө пара сунуштаган.

Көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын берүү учурунда аталган К.А.А. Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) боюнча кармалды. 

Кармалган жаран КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button