Кыргызстанда алты айга убактылуу айдоочулук күбөлүктөр берилет

Кыргызстандын Министрлер кабинети айдоочулук күбөлүк берүү тартибине өзгөртүү киргизип, жаңы документ — убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүктү киргизет.
Тиешелүү токтомго ылайык, бул күбөлүктү автоунаа мектебинде кеминде төрт ай окуп, квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырган жарандар ала алышат. Документ электрондук форматта Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу берилет.
Убактылуу айдоочулук күбөлүк Кыргызстандын аймагында гана жарактуу болуп, алты ай мөөнөткө узартуу мүмкүнчүлүгүсүз берилет.
Толук кандуу улуттук айдоочулук күбөлүктү болсо, убактылуу күбөлүк колдонулган мезгилде Жол кыймылынын эрежелерин үчтөн аз бузган айдоочулар гана ала алышат. Эреже бузуулар ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлери тарабынан түзүлгөн протоколдор же токтомдор менен катталат.



