Коом

Кара-Балтада 600 миң сому уурдалган кемпирге акчасы толук кайтарылды

Кара-Балтада үйүнөн 600 миң сому уурдалган пенсионерге сумма толугу менен кайтарып берилди. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти.

Эске салсак, 2024-жылдын 18-декабрында Кара-Балта шаарында эки аял 77 жаштагы кемпирдин батиринен 600 миң сомун уурдап кеткен. Кылмыш иши козголуп, 31 жана 27 жаштагы келиндер кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси боюнча («Уурулук») тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button