Коом

Чыңгыз Кожошев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Кожошев Чыңгыз Эргешбаевич министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Эске сала кетсек, ал Жазаларды аткаруу кызматын 2024-жылдын декабрь айынан тарта жетектеп келген. Ал эми президенттин жарлыгына ылайык, 2025-жылдын февраль айынын башында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын базасында министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button