Зеленский Трамп менен сүйлөшүүдө Украинага 30–50 жылга коопсуздук кепилдиктерин берүүнү суранды

АКШнын президенти Дональд Трамп менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Украинанын президенти Владимир Зеленский андан Украинага 30–50 жылга коопсуздук кепилдиктерин берүүнү суранган. Бул тууралуу украин президенти журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтып, «РБК-Украина» агенттиги кабарлады.
Анын айтымында, азыр коопсуздук кепилдиктерин 15 жылга берүү жана кийин аларды узартуу мүмкүнчүлүгү каралууда.
«Мен ага айттым: бизде согуш жүрүп жатканына дээрлик 15 жыл болду. Ошондуктан кепилдиктер узак мөөнөткө берилсе жакшы болмок. Мен 30, 40, 50 жылдык варианттарды кароону кааларыбызды айттым. Андай болсо бул президент Трамп үчүн тарыхый чечим болмок. Президент бул тууралуу ойлонуп көрөрүн айтты», — деди Зеленский.
28-декабрда Зеленский менен Трамп Флорида штатында жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Украинанын президенти тынчтык планы 90 пайызга, ал эми АКШдан коопсуздук кепилдиктери 100 пайызга макулдашылганын билдирген. Бул кепилдиктерге так эмне кирери айтылган жок. Ошол эле учурда эки президент тең Донбасс аймактары кимге тиешелүү болору тууралуу маселе чечилбей калганын белгилешкен.



