Коом

Бишкекте Бөкөнбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

4-майдан 5-июнга чейин Бөкөнбаев көчөсүнүн Шопоков көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул убакта диаметри 300 мм болгон жылуулук тармагы алмаштырылат.

«Аталган тилкеде жайгашкан жылуулук тармактары 1984-жылдан бери пайдаланылып келе жатат, түтүктөрдүн  эскиршине байланыштуу тармактарды жаңыртуу талап кылынат», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат жана киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен жол жүрүү каттамдарын алдын ала пландаштырууну сунуштайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button