Коом
Бишкектеги №72 мектептеги окуучунун өлүмү боюнча кармалган 9-класстын окуучусу 2 айга камалды

Свердлов райондук соту анын бөгөт чарасын тандап, тергөө аяктаганча 11-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.
Буга чейин милиция кармалган Т.И. аттуу бала 8-класстын окуучуларынан системалык түрдө акча топтоп жүргөнүн билдирген. Т.И. жабырлануучуну ушул себеп менен ажатканада ур-токмокко алып, окуя өлүм менен аяктаган. Ал «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси боюнча кармалган.