Коом
Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 20-февралда саат 10:00дөн 16:00гө чейин Тыналиев – Миңжылкиев – Ахунбаев көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусун суранат.



