Коом

Ысык-Көлдөгү рейддин жүрүшүндө 4 компанияга 1 млн сом айып пул салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти тарабынан Ысык-Көл облусунда рейд өткөрүлүп, анын жүрүшүндө төрт курулуш объектисинде мыйзам бузуулар аныкталып, тиешелүү чара көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Текшерилген объекттер:

Сары-Ой айылындагы “Терма” апарт-мейманканасы;

Чок-Тал айылында жайгашкан “Маракеш Резиденс” эс алуу борбору;

Бостери айылындагы “Даймонд Резорт” эс алуу борбору;

Бостери айылындагы “Имарат Резорт” эс алуу борбору.

«Аталган объектилер боюнча буга чейин аймактык башкармалык тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана белгиленген талаптарды аткаруу боюнча тиешелүү билдирүүлөр берилген. Бул жолку рейддин алкагында мурда берилген билдирүүлөрдүн аткарылышы да текшерилди.

Жыйынтыгында, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, “Авангард Групп”, “Эксперт Логистик”, “Имарат Строй” жана “ЭММА Курулуш” ЖЧКларына жалпы 1 000 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле “Даймонд Резорт” жана “Маракеш Резиденс” эс алуу борборлорунун курулуш иштери токтотулуп, компаниялардын лицензиялары жокко чыгарылды», — деп

Тектеш кабарлар

Back to top button