Коом

Лейлектеги  «Белес-Резорт» туристтик комплекси августта ишке кирет

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Сүлүктү шаарына караштуу Белес капчыгайында курулуп жаткан «Белес-Резорт» туристтик комплексинин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу облустагы Өкүлчүлүктөн билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, облус башчысы курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү, ошондой эле пайдаланууга берилгенден кийин муниципалдык объектти максаттуу жана натыйжалуу иштетүү маанилүү экенин белгиледи.

Анын айтымында, туристтик комплекстин туруктуу киреше алып келген, өзүн-өзү каржылай алган заманбап ишканага айланышы негизги максаттардын бири болуп саналат.

Долбоор Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда. Бул максатка республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 120 млн сом каржыланып, жергиликтүү бюджеттен кошумча 4 млн сом бөлүнгөн.

Заманбап туристтик комплексте эс алуучуларды жана туристтерди кабыл алуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүүдө. Анда эс алуучуларды жайгаштыруу жайлары, тамактануу жана эс алуу аймактары, ошондой эле спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылган инфраструктура каралган.

Объектти пайдаланууга берүү 2026-жылдын август айына пландалууда. Комплекс бир мезгилде 100–150 адамды кабыл алууга ылайыкталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button