Коом

Жаңы төрөгөн ымыркайын таштандыга ыргыткан келинге соттун чечими чыкты

Жалал-Абад шаардык соту жаңы төрөгөн ымыркайын Спутник кичи шаарчасындагы акыр-чикир таштоочу жайга таштап кеткен келинге чечим чыгарганын соттун маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, Т. Э. И. Кылмыш-жаза кодексинин «Жаңы төрөлгөн ымыркайды энеси өлтүрүүгө аракет кылган» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот аны бир жылга шарттуу көзөмөлгө алуу чечимин чыгарды.

Эске салсак, 2023-жылдын ноябрь айында Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи шаарчасында акыр-чикир таштоочу жайдан жаңы төрөлгөн кыз табылган. Кийин кыздын 18 жаштагы энеси убактылуу жашаган батириндеги жуунуучу жайдын ичинен төрөп, кызын кийимге ороп, коркконунан таштандыга ыргытканы маалым болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button