Коом

Кыргыз жарандарына мүмкүнчүлүк берилет! Россияда эмгек миграциясында жүргөн мекендештерге кулак кагыш

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россияда мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарына өздөрүнүн жүрүүсүн мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берилгенин эскертет.

2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 30-апрелине чейин мыйзамдарды бузуу менен Россия Федерациясынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар Россиянын аймагынан чыгып кетүүгө же өздөрүнүн укуктук абалын төмөнкүдөй жол менен жөнгө салууга милдеттүү:

Россияда жүргөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары өздөрүн мыйзамсыз жүргөн жана контролдонуучу адамдардын реестрине киргизилүүгө тийиштүү болгон жарандардын тизмесинен https https://migrant.kg сайтынан «Кара тизмелер» бөлүмүндө «Алдын ала тизме» бөлүмчөсүнөн текшерсеңиз болот.

Эгерде Сиз фамилияңызды ушул тизмеден тапсаңыз, анда төмөнкүлөрдү жасашыңыз керек:

1. Чет өлкөлүк жарандарды биометрикалык идентификациялоодон (дактилоскопия — манжалардын издерин тапшыруу жана сүрөткө түшүү процедураларынан) өтүңүз, эгерде мурда өтпөсөңүз

2. Медициналык текшерүүдөн өтүңүз, эгерде мурда өтпөсөңүз же сертификаттын жарактуулук мөөнөтү өтүп кетсе (12 ай). Бул мезгилде медициналык текшерүүдөн миграциялык карта жок болсо дагы өтүүгө болот;

3. Милдеттүү төлөмдөр боюнча болгон карыздарды төлөө; Карыздарды Россиянын Федералдык сот приставдар кызматынын расмий сайтынан текшере аласыз https://fssp.gov.ru/iss/ip. Сайтка киргенде «жеке жактар» (физическое лицо) бөлүмүн жана аймактык органдар «бардык аймактар» («все органы» — бул текшерүү Россиянын бардык аймактарында өткөзүү үчүн зарыл), «Аты — жөнү», «Туулган күнү, айы жана жылы» графаларын толтуруу керектигин белгилейсиз.

Россия Федерациясында эмгек ишмердигин жүзөгө ашырууга укугу бар чет өлкөлүк жарандар Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык миграция суроолору боюнча бөлүмдөрүнө же Россиянын Ички иштер министрлиги жана анын карамагында турган федералдык мамлекеттик унитардык ишкана же Москва шаарынын аймагында – ошондой эле Россия Федерациясынын ушул субъектиси тарабынан ыйгарым укук берилген уюм аркылуу Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз беришет жана иш берүүчү же жумушка (кызматка) кардар (заказчик) тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек келишиминин же чет өлкөлүк жаран менен түзүлгөн жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу боюнча жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн беришет. Россияда эмгек ишмердигин мыйзамсыз жүргүзгөн, миграциялык каттоо эрежелерин бузуу менен жана 2025-жылдын 5-февралына чейин жүрүү мөөнөтүн ашыруу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандар, эгерде алар өзүнүн укуктук статусун мыйзамдаштыруу үчүн 2025-жылдын 1-январынан 30-апрелине чейинки аралыгында тиешелүү арыз менен Россиянын ыйгарым укуктуу органдарына кайрылса, аларга карата «кара тизмеге» киргизүү жана Россиянын аймагынан административдик түрдө чыгаруу жөнүндө чечимдери кабыл алынбайт.

Суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот:

Москва ш., Малая Полянка көч., 7-үй, корп.5 Телефон: 8 495 197 76 71 (кошумча 203; 205; 204 — иш күндөрү, дүйшөнбү-жума саат 9.00-18.00 чейин); +7 925 030 26 27, ал эми +7 996 968 98 97(күнү-түнү иштейт).

Жетекчинин орун басары — Мамбетова Майрамхан Жалаловна

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button