Коом

19-24-сентябр күндөрү Бишкектин айрым жерлеринде газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде 6 күн газ берилбейт. Бул маалыматты «Бишкекгаз» кызматынан билдиришкендей, 19-24-сентябрда орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Фучик көчөсү, ЧЧК, Ала-Арча дарыясы, Москва көчөсү, Кулиев көчөсү, Бөкөнбаев көчөсү, Дэн Сяопин көчөсү, Жангерчинов көчөсү, темир жол, Садыгалиев көчөсү, Б.Алыкулов көчөсү, Патрис Лумумба көчөсү, Профсоюзная көчөсү

«Өчүрүү учурунда альтернативдүү энергия булактарын колдонууну суранабыз. Түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button