Коом
Баткендеги кагылышта талкаланган 417 үйдүн 416сы курулуп бүттү

Бир үй эки күндүн ичинде бүткөрүлөрүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабарлады.
Жапаров былтыр 14-17-сентябрдагы каргашалуу окуяларда Лейлек районунда жабыркаган үйлөрдүн курулушу менен таанышкан.
Турак жайларды курууга республикалык бюджеттен 1,3 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.



