Окуялар
Чаткалда 48 жаштагы эркек сууга агып каза болду

Чаткал районунда 48 жаштагы эркек сууга агып, каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Кызыл-Токой айылында Терек-Сай суусунда 1974-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши агып бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылып, адамдын сөөгүн суудан чыгарып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.



