Коом
Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын, каза болгондордун саны азая баштады

Мындай тенденция соңку 15-20 жылдан бери келе жатканын Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров биздин пресс-борбордо билдирди.
Анын айтымында, республикада илдеттин туу чокуга чыккан маалы 2001-жылга туш келген. Анда кургак учук менен ооругандардын саны 100 миң кишиге 168 учур катталып турган. Каза болгондордун саны да ошол жылы көп болуп, 100 миң кишиге 27 өлүм туура келген.
“2024-жылга карата статистика боюнча, Кыргызстанда ооругандардын саны 100 миң адамга 56,3 учурду, өлгөндөрдүн саны 100 миң адамга 2,6 учурду түзгөн”, — деди Кадыров.
@abal-kg



